Көк-Жар айылындагы ички иштер министрлигинин полигонунда 10 гектар куураган чөп күйүп кетти
Кечээ, 21-августта Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылындагы Ички иштер министрлигинин полигонунда 10 гектар куураган чөп күйгөн. Аны өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөрдөн 10 адам, аскер бөлүмүнөн 3 адам, Көк-Жар айыл өкмөтүнөн 10 адам тартылган. Саат 15:50 чамасында башталган өрт саат 18:20да толугу менен өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 22-августта билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-10-02

16:43
2025-10-02
10:49
2025-10-02
19:54
2025-10-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.