super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте маданият кызматкерлери Улуттук филармония менен Спорт Ордосунун ижара акысын иретке келтирүүнү сунуштоодо

 

Бишкекте чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү депутаттардан Улуттук филармония менен Спорт Ордосунун ижара акысын иретке салып берүүнү суранууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда куудул Жамбыл Камчиев ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, музей, театр, спорттук комплекстер ижара акысын мыйзамсыз түрдө көтөрүп жатышат. Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов бул иш боюнча кызматтык иликтөө жүргүзгөнүн айтып, кээ бир учурда артисттер өздөрү тийиштүү документке кол койбогондугун билдирди. “2010-жылга чейин филармониянын ижара акысы 60 миң сом болчу, аны 40 миң сомго түшүрдүк. Концерттик зал бир саатка 25 миң сомго берилет, 12-15 миң сом электр энергиясы үчүн төлөнөт. Ал эми  даярдык үчүн бир жарым саат акысыз берилет”,- деп кошумчалады министр. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: