super.kg logo

Кыргызстанда жарым жылда 25 миң түгөй каттоодон өтүп, 5 миңге жакын түгөй ажырашкан

 

Өлкө боюнча үстүбүздөгү жылдын жети ай аралыгында Жарандык актыларды жазуу бөлүмдөрү тарабынан 163 853 юридикалык аракеттер жүргүзүлгөн. Белгилүү болгондой, биринчи жарым жылдыкта 25 251 түгөй каттоого турган. Өткөн жылга салыштырмалуу никесин каттоодон өткөргөндөрдүн саны 1063кө көп болгон. Ошондой эле 4763 түгөйдүн никеси расмий түрдө бузулган. Бул боюнча көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 360ка азайган.

Өлкө аймагында алты ай ичинде 79 193 ымыркай (2013-жылга салыштырмалуу 7436га көп) төрөлсө, 18 293 (2013-жылга салыштырмалуу 634кө көп) өлүм катталган.

Маалыматтар бүгүн, 22-августта Мамлекеттик каттоо кызматынын коллегиясында айтылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: