super.kg logo

Нарында жаратылыш кырсыктарынан коргонуу боюнча комплекстүү машыгуу болуп өттү

 
20-21-август күндөрү Кочкор райондук жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү – Облустук жарандык коргонуунун башчысынын жетекчилиги астында «Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал коркунучунда жана пайда болгон мезгилде жарандык коргонуунун иш-чараларын уюштуруу» аталышындагы жалпы райондук окуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Окуунун башталышында Райондук жарандык коргонуунун байланыш жана кабарлоо кызматы Райондук жарандык коргонуунун башкаруу курамын башкаруу пунктуна чогулууну кабарлоо схемасына ылайык кабарлап, чогулушка өздүк курам толугу менен катышты.

Окуунун максаты - табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу боюнча башкаруу органынын чыныгы иш-аракет планын жана коркунуч болгондо жарандык коргонуунун иш-аракеттерин башкарууну уюштурууга даярдыгын текшерүү. 

Окууга Кочкор райондук башкаруу курамы, КРнын ӨКМнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү, ЖКнун Кочкор райондук кызматтары, райондук лабораториялык көзөмөлдөө жана байкоо мекемелери катышышты.

Машыгуунун жүрүшүндө борбордук аянтка Райондук жарандык коргонуунун түзүмдөрүнүн күч жана каражаттары тартылып, Райондук жарандык коргонуунун башчысы-аким таанышып, өзгөчө кырдаал болгон учурда райондун даяр экендигин билдирди. Иш-чара Нарын облусунун жарандык коргонуунун 2014-жылга болгон даярдык планына ылайык өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: