super.kg logo

Ошто өткөн конференцияда мугалимдердин айлык маянасын жогорулатуу, китептердин сапатын жакшыртуу маселеси каралды

 
Ош облусунун Алай жана Өзгөн райондорундагы мугалимдердин конференциясы орун алып, анда билим берүү тармагындагы көйгөйлөр каралды. Бул тууралуу 22-августта Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Ага Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев катышты. Конференциянын катышуучулары мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн иш жүзүндө алган билим деңгээли жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарына дал келбей жатканын айтып, мектептерге бирдиктүү мамлекеттик бүтүрүү сынагын киргизүүгө мезгил жеткенин баса белгилешти.  

Ошондой эле каржылоо усулунун да өз деңгээлинде иштебей жатканы, мугалимдердин маянасын жогорулатуу, окуу китептерин балдар түшүнгүдөй жөнөкөй жана так тилде жазуу сунушталды. Китептердин мазмуну менен сапатын жакшыртуу, окуучуларды китеп менен толук камсыз кылуу тууралуу жөндүү пикирлер айтылып, билим берүү тармагындагы абалды жакшыртуу жаатында бир катар алгылыктуу сунуштар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: