super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева Социалдык фонддун Бишкек шаардык башкармалыгынын иши менен таанышты

 

Бүгүн, 22-августта вице-премьер-министр Эльвира Сариева Социалдык фонддун Бишкек шаардык башкармалыгына барып, жарандардын жеке камсыздоо эсебинен көчүрмө бастырып чыгаруу ишке ашырыла баштаганы менен таанышты.

Вице-премьер-министр жарандардын жеке камсыздоо эсебинен көчүрмө бастырып чыгаруу ишинин башталышы өз кардарларын сервистик жактан тейлөө жаатындагы бир кадам алга жылуу катары саналарын айтты.

"Июль айынан тарта жарандар мындай мүмкүндүккө ээ боло баштаган. Белгилей кетчү нерсе, мыйзамда каралып, жыл сайын жарандарга берилчү жеке камсыздоо эсебиндеги көчүрмөдө иш орду, айлык акысы жана Социалдык фондго жүргүзүлгөн төлөмдөр тууралуу маалыматтар камтылат",- деди ал.

Белгилүү болгондой, учурда көптөгөн иш берүүчүлөр Социалдык фонд органдарына тийиштүү төлөмдөрдү жүргүзүшпөйт. Ошондуктан көптөгөн адамдар пенсияга чыккан соң пенсиялык каражатсыз калышууда. Аталган көйгөйдү чечүү иретинде өкмөт ар бир эмгектенген жарандын эсебиндеги топтолгон каражат тууралуу маалымдоочу тутум киргизүүдө. Бүгүнкү күнгө карата Социалдык фонд калкка жарандын жеке камсыздоо эсеби боюнча маалымат бере баштады, жарандар жыл бою эсебиндеги маалыматты кат түрүндө алып турат. Аталган иштер жакында Социалдык фонд тарабынан алынган жаңы техниканын жардамы аркылуу ишке ашырылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: