Өкмөт Токтогул Сатылганов атындагы мемориалдык музейди оңдоп-түзөөгө 200 миң сом бөлдү
КРнын Өкмөтү Жалал-Абад облусундагы Токтогул Сатылганов атындагы мемориалдык музейди толук кандуу оңдоп-түзөө иштерине 200 миң сом бөлдү. Тийиштүү жарлыкка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койду. Бул тууралуу 22-августта министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 18-19-июлда КРнын Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Токтогул районуна иш сапары менен барганда музейди оңдоп-түзөө иштерин тездетүү боюнча тапшырма берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

