super.kg logo
  Саясат  

Обама менен Меркель Орусиянын Украина аймагына гуманитардык жардам киргизишин чагымчылдык деп аташты

 

АКШ президенти Барак Обама менен Германиянын канцлери Ангела Меркель телефондо сүйлөшүп, Орусиянын Украина аймагына гуманитардык жардам киргизишин талкуулашты. Эки лидер Орусиянын бул аракетин "конфликттин коркунучтуу эскалациясы", "чагымчылдык" деп белгилешкенин 23-августта чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Обама менен Меркель Украинанын аймагында жана чек арасында көптөгөн орусиялык аскерлердин турушу да кооптуу экенин айтышты. 

Айта кетсек, жума күнү Украинанын түштүк-чыгышына гумжардам жеткирүүчү орусиялык колонна чек араны кесип өтүп, Луганск аймагына тынч-аман жеткен. Орусиянын мындай чечимин бир катар батыш өлкөлөрү сындап чыгышкан. Владимир Путин башкарган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Украина аймагына гумжардам жеткирүү иши эч кандай эл аралык жоболорду бузбай турганын билдирүүдө.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: