super.kg logo

Жолго жакын жайгашкан шаардык мектептердин алдына жол белгилери түшүрүлдү

 

Мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек шаарындагы мектептер жакын жайгашкан көчөлөргө жол белгилери түшүрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматка ылайык, жолдорго белгилерди түшүрүү иштеринде термопластикалык материалдар колдонулду. Белгилер шаардын Свердлов жана Ленин райондорунун төмөнкү мектептери жайгашкан жолдорго коюлду:

Бах көчөсүндө жайгашкан №55, 72, 93-орто мектептердин, Л.Толстой көчөсүндөгү №7, 44-жаш техниктер мектебинин, Ак-Өргөө жаңы конушундагы Ашар көчөсүндө жайгашкан №77, Арча-Бешик жаңы конушундагы №79, Абай көчөсүндөгү №61, Интергельпо көчөсүндөгү №22, Бакай-Ата жаңы конушундагы №85, Гоголь көчөсүндөгү №4, 65, Москва көчөсүндөгү №11, Токтогул көчөсүндөгү №68, Тыналиев көчөсүндөгү №80, Жаш Гвардия бульварындагы №8, 29 жана Тынчтык кең көчөсүндөгү №58-мектептин алдына.

Ошондой эле Биринчи Май жана Октябрь райондорунун төмөнкү мектептеринин алдына жол белгилери орнотулду: Ахунбаев көчөсүндөгү №47, 60, 26, 88, Сүйөркулов көчөсүндөгү №17, Сухэ Батор көчөсүндөгү №39, Айтиев көчөсүндөгү №63, Куттубаева көчөсүндөгү №56, Юнусалиев көчөсүндөгү №20, 37, Кара-Жыгач жаңы конушундагы №91, Касым жаңы конушундагы №83, Көлмө жаңы конушундагы №78, Ак-Босого жаңы конушундагы №81, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №28, 67, 70 жана музыкалык мектеп-интернатынын, Фучик көчөсүндөгү №54, Москва көчөсүндөгү №13, Рухий-Мурас жаңы конушундагы №92, Чүй кең көчөсүндөгү №52, Дэн Сяопин көчөсүндөгү №50, 15, Жибек Жолундагы №1-мектептин алдына.

Андан тышкары мектептерге жакын жайгашкан жолдорго “Балдар!”, “Ылдамдыкты чектөө”, “Өтүүчү жол” белгилери орнотулду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
25.08.2014. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы
25.08.2014. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин унаа башкаруучулар андай нерселерди тоготушпайт....
25.08.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол кырсыгы кобунчо сабатсыз, билими жок, айдоочулук куболугун сатып алган, жолдогу атайын корсотулгон белгилердин бирин дагы билбеген айдоочулардын айынан келип чыгат. А бул иштери жакшы болуптур...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: