Жумгал районундагы Баш-Кууганды суусуна чөгүп кеткен 16 жаштагы баланын сөөгү табылды
Жумгал районундагы Баш-Кууганды суусуна чөгүп кеткен 16 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 21-август күнү саат 12:00 чамасында Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагындагы Баш-Кууганды суусуна 1998-жылы туулган Күрүчбек Камчыбеков чөгүп кеткен. Аны издөө иштерине суучулдар тартылып, чөгүп кеткен баланын сөөгүн суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.