super.kg logo

Бишкекте Азык-түлүк жана айыл чарба продукцияларынын Эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт

 
26-29-сентябрда Бишкекте азык-түлүк жана айыл чарба продукциялары боюнча Эл аралык “АгроПродЭкспо-2014” көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта КРнын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара аталган мекеме жана КРнын Айыл чарба министрлиги тарабынан уюштурулууда. Көргөзмө-жарманкеге 7 өлкөнүн өкүлдөрүнүн жана 60ка чукул компаниянын катышуусу пландалып жатат.

Мындан тышкары анда төмөнкү продукциялар көрсөтүлөт:

- Тамак-аш;

- Алкоголсуз жана алкоголдук ичимдиктер;

- Айыл чарба продукциялары; 

- Айыл чарба техникасы;

- Таңгактар, жабдуулар жана технологиялар;

- Тамак-аш продукцияларын өндүрүүчү технологиялар;

- Тамакка даам берүүчү кошумча каражаттар.

Иш-чарада катышуучулар үчүн сынактар, мастер-класстар, презентациялар жана дегустациялар да өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: