super.kg logo
  Спорт  

Жалал-Абадда милициянын ардагерлери спорттук мелдеш өткөрүштү

 

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан ИИБ, ШРИИБ ардагерлери «Мекеним менин Кыргызстан!» долбоорунун алкагында спорттук мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда волейбол, шахмат жана аркан тартыш оюндары боюнча 5 команда мелдешип, 1-орунду Ноокен РИИБинин ардагерлери, 2-орунду Сузак РИИБинин ардагерлери, 3-орунду Жалал-Абад ОИИБинин ардагерлери камсыз кылышып, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Сыйлыкты Жалал-Абад ОИИБинин башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тапшырышты. Андан кийин Жалал-Абад ОИИБинин бөлүм  башчыларынан түзүлгөн курама команда менен жалпы милициянын ардагерлеринен түзүлгөн курама  команда волейбол оюну боюнча жолдоштук беттеш өткөрүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: