super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: "Акыркы 30 жылдагы эң жогорку ысык аба ырайы катталууда, сак болуңуздар!"

 

Акыркы күндөрү абанын температурасы 39-40 градуска чейин жетүүдө. Бул акыркы 30 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-августта билдирди.

Маалыматка караганда, мындай аба ырайы айрым жерлерде өрт кырсыктарынын болушуна шарт түзүүдө.

Гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаевдин билдирүүсү боюнча, 2014-жылдын 26-августунан 28-августуна чейин аба ырайы бир аз төмөндөп, 29-августтан баштап кайра кескин ысык болуусу күтүлөт.

“Мындай кургак аба ырайы сентябрь айында да уланары күтүлүүдө. Андыктан жергиликтүү бийликтер, токой чарба жетекчилери, Айыл чарба министрлигинин тиешелүү кызматтары талааларда жана токойлордо өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүсү керек”,- дейт Зарылбек Итибаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.08.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой ысыык, кечинде уйку жок ысыктан. Кудай сактасын. Заман кайда баратат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: