super.kg logo

“№47-колониянын башчысынын орун басарын бычактап салган” деп шектелген жаран СИЗОдо ур-токмокко алынганы тууралуу айтты

 

“№47-түзөтүү колониясынын башчысынын орун басары Милан Шакиевди бычактап салган” деп шектелип кармалгандардын бири Нуркемел Искендеров аталган фактыга эч кандай күнөөсү жоктугу жана СИЗОдо ур-токмокко алынгандыгы тууралуу айтып берди.

“2013-жылдын 26-декабрында мен “Народный” дүкөнүнүн жанында досум менен 10 мүнөткө токтоп сүйлөшүп калгам. Биздин жолугушуубуз видеокамерага тартылып калган экен. Милиция кызматкерлери ушул видеожазууларга жана М.Шакиевдин көргөзмөсүнө таянып, бизди кылмышка шектүү катары кармап алышкан. Чындыгында аны бычактап кетүү саат 17:00 чамасында орун алса, биз саат 15:00 чамасында жолукканбыз.

СИЗОдо ур-токмокко алындык. Натыйжада кыр арка сөөгүмдүн эки жеринен жана башымдан жаракат алып, учурда абалым начар”,- деди ал.

“2014-жылдын 19-августунда Н.Искендеров эч жакка чыкпоо каты менен үйүнө чыгарылган. Ал эми аны ур-токмокко алган СИЗОнун 4 кызматкери У.Сүйөркулов, С.Ботбаев, Т.Моношов жана А.Сатаровго карата “кыйноо” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоо боюнча арыз жазганбыз. Учурда Октябрь райондук соту тарабынан териштирүү иштери жүрүүдө”,- деди адвокат Динара Медетова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.08.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда ушу да карапайым калктын баласын уруп токмоктоп кылбаган кылмышты кылдырып делону жабышат !! Ушул мойнуна алдырган адамдар коркушпайбы оздорунун бир туугандары бар жок жерден отуруп тагдыры талкалангандар-чыгып-оч алат деп!!
26.08.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алладан коркпогондор карапайым адамдардан коркмок беле жакындары жазаласа аларды да милиция кызматкерине кол которуу беренеси менен отургузуп салышат бат эле. Прокурор,сот,милиция кызматкери булардын баарынын тили бир.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: