super.kg logo

Биометрикалык маалыматтарды чогултуучу жабдуулар текшерүүдөн өттү

 

Биометрикалык маалыматтарды чогултуучу жабдуулар текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мекеменин кызматкерлери жабдууларды кантип колдонуу керектигин үйрөнүшүүдө. Алар биометрикалык маалыматтарды чогултууда мобилдик жана стационардык топтордун операторлору болуп иштешет.

Каттоо кызматынын жана “Гезике энд Девриент” (“Giesecke & Devrient”) уюмунун келишимине ылайык, аталган уюм маалыматтык баннерлерди жана кагаздарды чыгарууга даяр.

Айта кетсек, биометрикалык маалыматтарды (жарандын 10 манжасынын изи, санариптик сүрөтү, колу) чогултуу 27-августта башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: