Муфтият ажылык сапарына баруучулар үчүн ажылыктын негизги тартиптерин түшүндүрүү боюнча сабак өткөрдү




Бүгүн, 25-августта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын борбордук мечитинде ажылык сапарына бара тургандар үчүн ажылыктын негизги тартиптерин түшүндүрүү боюнча сабак өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ажылык сапарга бара тургандарга зыярат кылуудагы адеп-ахлак маселелери, ажыга барган адам эмнелерди билүүсү керек, кандай парздарды аткарышы керектиги туурасында сабактар аялдар жана эркектер үчүн өз-өзүнчө уюштурулууда.
Ал эми сабакка келбей калган ажылык милдетин аткара тургандар аймактык имамдардан кеп-кеңеш алып, зыярат кылуунун жол-жоболорун үйрөнүшүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.