super.kg logo

Өткөн аптада Бишкектеги "Тез жардам" станциясына 3800гө жакын адам кайрылды

 

Үстүбүздөгү жылдын 18-августунан 24-августуна чейинки мезгилде Бишкектеги "Тез жардам" станциясына 3764 адам кайрылган. Бул тууралуу 25-августта Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаментине шилтеме берүү менен мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, кайрылуулардын ичинен 2810 кайрылуу боюнча медициналык тез жардам көрсөтүлдү жана 750 адам ооруканаларга жаткырылды. Аталган мезгилде "Тез жардам" станциясында 215 бригада иштеди, санитардык унаалардын саны 230 бирдикти түзөт. 

Катталган кайрылуулардын ичинен 31и жол кырсыктары боюнча, жаракат алган адамдардын саны - 42. Ашказан жана ичеги инфекциялары боюнча 312 адам кайрылса, алардын 1103ү ооруканага жаткырылган, анын ичинен 59у 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. Респиратордук вирус инфекциясы менен 330 адам кайрылып, алардын 46сы ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен 40ы 14 жашка чейинки өспүрүмдөр. Шаардык төрөт үйлөрүндө 371 төрөт катталса, алардын 62сине гинекологиялык операция жасалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: