super.kg logo
  Саясат  

Алай райондук сотунун төрагасы Мамбет Токсомбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы жана Ош облусунун Алай райондук сотунун төрагасы Токсомбаев Мамбет Айдаралиевич каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары 2014-жылдын 8-июлунан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулду. 

Тийиштүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койду. Токтом Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна негизделип кабыл алынды. 

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү 25-августта билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: