super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова менен жолугушту

 
Бүгүн, 25-августта КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Эльвира Сариева ЮНЕСКОнун башкы директоруна Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээли үчүн ыраазычылык билдирди. "Өзгөчө Кыргызстандын маданий объекттери “Жибек жолу: жолдун башталышы жана Тянь-Шань коридорунун каттамдарынын тармагы” трансулуттук сериялык номинациянын алкагында Красная Речка (Невакат), Ак-Бешим (Суяб) жана Бурана (Баласагын) шаарлары ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилгендигине ыраазычылык билдирем",- деди вице-премьер-министр. 
Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун мындан аркы кызматташтыгын талкуулашты. Соңунда Эльвира Сариева Алмазбек Атамбаевдин Ирина Боковага маданий мурасты сактоо ишинде ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасы менен кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Даңк медалын тапшырганы менен куттуктады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: