Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кайрадан ок атышуу болду
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу болгон жер.


Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу болгон жер.

Миномёттун огу тийген жер.


Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болгон жердеги кыргыз чек арачылары.
Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кайрадан ок атышуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ок атышуу кечээ, 25-август күнү кечке жуук болгон. Анда Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында тажик чек арачылары такталбаган аймакка 800-900 метр ичкери кирип келишип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылышкан. Бирок буга кыргыз чек арачылары жол беришкен эмес. Натыйжада 30 мүнөткө созулган эки тараптуу ок атышуу орун алган.
Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз тараптан эч ким жабыркаган эмес. Ошондой эле тажик чек арачылары биринчи ок чыгарышып, төрт жолу миномёт менен атышкан. Учурда ал жерде абал чыңалып турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
Провокация жарата турган билдирүүлөргө жол берилбейт.
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Талкуудан алыстабаңыз.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.