Бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу боюнча эки тараптын чек ара өкүлдөрү жолугушат
Бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу боюнча эки тараптын чек ара өкүлдөрү жолугушат. Бирок саат канчада, кайсы жерде жолугушары азырынча белгисиз. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 26-августта билдирди.
Эске сала кетсек, кечээ, 25-август күнү Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында тажик чек арачылары такталбаган аймакка 800-900 метр ичкери кирип келишип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылышкан. Бирок буга кыргыз чек арачылары жол беришкен эмес. Натыйжада 30 мүнөткө созулган эки тараптуу ок атышуу орун алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.