super.kg logo
  Спорт  

Жосунсуз жоруктарынан улам Супер Марио атка конгон Марио Балотелли англиялык “Ливерпуль” менен келишим түздү (фотолор)

 
Футболчу учактан түшкөндө аны адаттагыдай камера көтөргөндөр тосуп алышты.
Профессионал футболчу катары карьерасын италиялык "Интердин" курамында баштаган.
"Интерде" аны белгилүү машыктыруучу Жозе Моуриньо машыктырган.
Камерундук футболчу Самуэль Это`О менен Марио Балотелли кезектеги голду жаратышты.
Италия курама командасынын курамында башка улуттун өкүлдөрү өтө аз ойнойт. Кара терилүү Мариону айрымдар жек көрсө, айрымдар баалашат.
Футболчу өзүн "Горилла!" деп атагандарды да жандуу көргөнү бар. Ошол себептүү "Евро-2012нин" жарым финалында Германиянын дарбазасына гол киргизген соң аталган маймыл түрүн туураган эле.
Марио - Италия курама командасынын ишенимдүү чабуулчусу...
Бул сүрөттөрдү карап отуруп, "Марио менен чогуу машыгуу рахат!" дегендерге кошулбай коё албайсың...
Бул сүрөттөрдү карап отуруп, "Марио менен чогуу машыгуу рахат!" дегендерге кошулбай коё албайсың...
Бул сүрөттөрдү карап отуруп, "Марио менен чогуу машыгуу рахат!" дегендерге кошулбай коё албайсың...
Балотелли атаандаштары менен топ талашууда да таймануу эмне экенин билбейт.
Балотелли атаандаштары менен топ талашууда да таймануу эмне экенин билбейт.
Бул дагы Супер Марионун стили.
Бул дагы Супер Марионун стили.
Бул дагы Супер Марионун стили.
Англиялык басылмалар футболчунун атаандаштарын сыйлабаганын айтып, катуу сынга алып келишкен. Бул жерде футболчу бош калган дарбазага ийини менен гол киргизип жатат.
Италиялык кайда барбасын көңүл борборунда болот. Атүгүл кимдир бирөөгө чалып, жеке маселесин талкуулап жаткан маалда да...
Кезектеги голун киргизген Марио боорундагы жазуу менен элди тааныштырып жатат. Ал жерде "Эмнеге дайыма мен?" деген жазуу жазылып турат.
Калыстар Марио Балотеллиге кызыл айып кагазын көрсөтүп, оюндан четтеткенден тажашпаса керек. Ооба, Марио дагы орой ойногонун токтотууну ойлобосо керек...
Күйөрмандарынын ичинде аныкындай чач жасалга менен жүргөндөр аз эмес.
Рим Папасы Фрациск футболчуну кабыл алып, сүйлөшкөн жайы бар. Бул жолугушуунун урматына мындай куурчактар да пайда болгон.
Марио Балотелли Италия курама командасы менен Европа чемпиондугунун финалында (2012-жылы) утулуп, катуу ызаланган.
Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу италиялыктар үчүн анча ийгиликтүү боло берген жок. Ага карабай алар ийгиликтүү сүрөткө түшүүнү ишке ашырышты.
Марио Балотелли өзү ойногон клубдардын баарында 45 номерлүү футболка кийип ойноп келет.
Марио Балотелли өзү ойногон клубдардын баарында 45 номерлүү футболка кийип ойноп келет.

Италиялык футболчу Марио Балотелли “Милан” клубун англиялык “Ливерпуль” менен алмаштырды. Трансфер 20 миллион еврону түздү. Футболчу жаңы клубунда жылына 6 миллион евро маяна алат. Бул тууралуу клубдун расмий сайты билдирди.

“Менин италиялык клубга өткөнүм карьерамдагы жаңылыштык болгон. Мага Англиянын футболу жагат. Жаңы командамда жаш жана мыкты футболчулар чогулган”,- деп билдирди футболчу алгачкы маегинде.

Учурда “Милан” Балотеллинин ордуна ылайыктуу чабуулчуларды карап жатканы айтылууда. Жакын арада италиялык клубдун формасын Жексон Мартинес (“Портуда” ойнойт), Андре-Пьер Жиньяк (“Марсель”), Альваро Негредо (“Манчестер Сити”) жана Роберто Сольдадо (“Тоттенхэм”) сыяктуу футболчулардын бири кийип калышы мүмкүн. 

Футболчу мыкты оюнунан сырткары жосунсуз жоруктары менен да айырмаланат. Ал өзүнүн "супер" жоруктарынан улам Супер Марио деген атка конуп калган жайы бар. Төмөндө футболчунун карьерасындагы тандалма сүрөттөргө орун бердик. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: