super.kg logo

Айгүл Рыскулова: “Бишкектин мектептери Кыргызстандагы башка мектептер үчүн үлгү болуп саналат”

 

Бүгүн, 26-августта Бишкектин мектеп кызматкерлеринин жыйынында шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова: “Бишкектин мектептери өлкөнүн башка мектептерине үлгү болуп саналат”,- деди.

“Билим берүү системи - коомдун пайдубалы. Билим берүү тармагындагы ийгилик - жалпы мамлекеттин ийгилиги. Демократиялык өлкөнү курууга сапаттуу адамдык ресурстарды даярдоодо силер, мугалимдер, чоң роль ойнойсуңар. Силер буга жол ачасыңар”,- деди ал.

Мындан тышкары вице-мэр мектепте окубай жүргөн балдар тууралуу айта кетти. “Тилекке каршы, бүгүнкү күнү мектепте окубай жүргөн балдар бар. Алардын ата-энелери чет өлкөлөргө мигрант болуп кеткендиги буга себеп”,- деп түшүндүрдү А.Рыскулова.

“Бишкектин мектептери заманбап технологияларды орнотуп келе жатат. Айрым мектептер мындан мыкты пайдаланышууда. Бишкектин окуу жайлары өлкөдөгү мектептер үчүн үлгү болуп саналат. Бул ийгилик силерге таандык”,- деп кайрылды мугалимдерге вице-мэр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.08.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айгүл, бишкектин мектептери, ай сайын окуучулардын ата-энесинен кактабай туруп, канын соруп, ай сайын 350 сомдон, тряпкага, ремонтко, подаркага, класстык копилкага, балан-батарга деп оголе көп мыйзамсыз акча чогултканы үчүн үлгүлүүбү?Кудайды карап мактасаң, сен го байсың, а чортамандар кантет?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: