super.kg logo

Чаткалда унаасы менен дарыяга түшүп кетип дайынсыз болуп жаткандардын бири табылды

 

Чаткал районундагы Курулуш айылынын эки тургуну унаасы менен 40 метр бийиктиктен дарыяга түшүп кетип дайынсыз болуп жаткан эле. Алардын бири, 23 жаштагы Нурдин Кочкоров 25-августта Чаткал дарыясынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.   

Маалыматка караганда, Нурдиндин жансыз денеси Ак-Таш капчыгайынан 100 метр ылдыйдан табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле Ауди-80 үлгүсүндөгү унаасы да табылды. Сууга түшүп кеткендердин экинчисин издөө иши бүгүн ӨКМнын II издөө-куткаруу отрядынын 6 куткаруучусу жана жергиликтүү тургундар тарабынан улантылууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: