super.kg logo

“Сентябрда Таласта өтүүчү жыйынга Улуттук оппозициялык кыймылдын эч кандай тиешеси жок” дейт активист

 

20-сентябрда жаш активисттерден түзүлгөн “Жаңы муун” кыймылы Таласта жыйын өткөрүп, көйгөйлүү маселелерди талкуулашат. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта SUPER.KG порталына активист Мавлян Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, үч күн мурун 23-августта Таласта аталган кыймыл чогулуш өткөргөн. Анда чоң курултайды кайсы күнү жана кайсы жерде өткөрүү маселеси талкууга алынган. “Анын жыйынтыгында жыйынды 20-сентябрда Талас облусунда өткөрүүнү белгиледик. Ал эми жыйын өтчү жер Талас шаарыбы же Талас облусунун айылдарынын бириби, учурда тактала элек”,- дейт активист.

Мындан тышкары ал жыйында карала турган негизги маселелерге да токтолду. “Бул иш-чарада кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик жана кыргыз-казак чек ара маселелери, суунун аздыгы, электр энергиясынын кымбатташы, 2015-жылы парламенттик шайлоодо жаңы муундардын келишинин керектиги талкууланат”,- деди Аскарбеков.

Айта кетсек, бүгүн Равшан Жээнбеков жетектеген Улуттук оппозициялык кыймыл 16-сентябрда курултай өткөрүүнү пландап жаткандыгын SUPER.KG порталына билдирген. Анда 300гө чукул адамдын катышуусу пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: