Баткендеги Максат айылынын эли чек арадагы ок атышуудан кооптонуп, жаш балдары менен аялдарын башка жактарга көчүрүүдө
Баткендеги Максат айылынын эли чек арадагы ок атышуудан кооптонуп, жаш балдары менен аялдарын башка жактарга көчүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта SUPER.KG порталына Лейлектеги Кулунду айылынын тургуну Шайырбек Орозалиев билдирди.
Айтымында, кечээ, 25-августтагы кыргыз-тажик чегиндеги атышуудан кооптонуп, 5-6 үй-бүлө жакынкы айылдарга түн жамынып чыгып кетишкен.
“Ок атышуу айыл элин түйшүккө салып, кооптонтуп жатат. Ок атышуудан чочулашып, аялдар жаш балдарын алып түндө чыгып кетишиптир. Абал турукташканда кайра кайтып келишет”,- деди Орозалиев.
Айта кетсек, Лейлек районунун Кулунду айылынан Максат айылына баруу үчүн Тажикстандын чек арасын кесип өтүүгө туура келет. Мындан улам Кулунду – Максат унаа жолу курулуп жаткан болчу. Кечээки окуя да аталган унаа жолундагы көпүрөнүн курулушунан улам келип чыккан.











1 |