super.kg logo
  Саясат  

Кара-Кулжа районунда 67 жетим балага 5 миң сом өлчөмүндө атайын банк эсебин ачуу демилгеси колго алынды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев Ош облусундагы Кара-Суу жана Кара-Кулжа райондорунун мугалимдери менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мугалимдер окуу китептеринин авторлоруна нааразы. Айрыкча физика, математика, химия, биология сындуу так илимдер жаатындагы окуу китептеринин жөнөкөй жана жатык тилде жазылбагандыгын баса белгилешүүдө. Айрым туюнтмаларды окуучулар эле эмес, мугалимдердин өздөрү дагы түшүнүүсү кыйын. Ошондой эле жан башына каржылоо усулун таптакыр алып салууну өтүнүштү,- дейт депутат.

Андан сырткары Осмоналиев Кара-Кулжа районунун мугалимдери жергиликтүү бийликтин дарегине карата ыраазычылык айтышканын да кошумчалады. Кара-Кулжа районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 67 жетим балага 5 миң сом өлчөмүндө атайын банк эсебин ачуу демилгеси колго алынды. Депозиттик эсепте топтолгон каражат балдар 18 жашка толгондо колуна тиет,- дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: