super.kg logo

Бишкекте Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, коомчулукта Жин деген каймана атка ээ Алтынбек Арзымбаевди атып кетишти

 

Бишкекте Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Алтынбек Арзымбаевди атып кетишти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алтынбек Арзымбаевди кечээ, 26-август күнү кечинде белгисиз адамдар 8-кичи райондон атып кетишкен. Ал алган жараатынан улам ошол жерде каза тапкан.

Айта кетсек, март айында дагы Алтынбек Арзымбаевге кол салуу болгону айтылган эле. Анда белгисиз 3 адам ага карата ок чыгарышкан, бирок Алтынбек Арзымбаев качып кетүүгө үлгүргөн. Ошондой эле ал коомчулукта Жин деген каймана атка ээ.

Эске салсак, мындан 2 жыл мурун Алтынбек Арзымбаев "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Бир ай мурун ал кылмыш иштерине байланыштуу мандатынан ажыратылган болчу. 

Буга чейин ички иштер министри Абдулда Суранчиев уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар депутаттарды атаган эле. Анда Алмазбек Кулболдиев (КСДПдан Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаты), Калыбек Нургожоев ("Республика" партиясынан Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты), Алтынбек Арзымбаев ("Ата Мекен" партиясынан Кара-Көл шаардык кеңешине талапкер), Самат Токталиев (КСДПдан Чолпон-Ата шаардык кеңешине талапкер), Бакыт Баркалбасов ("Улуу Кыргызстан" партиясынан Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты), Замирбек Тургумбаев (Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айылдык кеңешинин депутаты), Эржигит Пасанов (Өзгөн районундагы Куршаб айылдык кеңешинин депутаты), Замир Сыргабаев ("Республика" партиясынан Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты), Тынычбек Бекболотов (Лейлек районундагы Кулунду айылдык кеңешинин депутаты), Бакытбек Жетигенов, ("Ар-намыс" партиясынан 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты), Турусбек Ногоев (Жайыл районундагы Бекитай айылынын тургуну, аталган райондун акими), Таалайбек Сүйүмбаев ("Эл-Аман" партиясынан депутат, Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы), Жээнбек уулу Белек (Жайыл районундагы Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты), Руслан Жумагулов (Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты), Урмат Осмонкуловдун (Панфилов районундагы Кайыңды айылдык кеңешинин депутаты) ысымдары бар болчу. 






Кримавторитет делген Жинди атып кетишти. Өз ысымы Алтынбек Арзымбаев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
27.08.2014. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Заказнойбу" же тазалануубу?
27.08.2014. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ёё.брат жаткан жерин жайлуу болсун.жаман чойродон алыстап эле кетпедин беле.
27.08.2014. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кечинде эле коргом ишене албай турам
27.08.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата мекенден депутат болуп шайланды беле?
27.08.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apsi,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
27.08.2014. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба Ата Мекен партиясынан депутат болуп шайланган!
27.08.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба тиги чойродон алыстабады беле
27.08.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо алыстаганы учун атып кетишти да
27.08.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Криминалдык разборка го. Гезиттерде ал жазган жашоомо "челюсть" атту депутат Алтынбек Сулайманов коркунуч туудуруп датат деп. Бул башкалерга да эскертүү болуш керек.
abdumator түзөттү 27.08.2014 13:47
27.08.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайыр дайыма жаштарды колдоп жургон братан,Кудайым жаткан жерин жайлу кылып,билип билбей кылган кунолорун кечирсин. Амиин!
27.08.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
Медиа-портал
28.08.2014. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Баарыбыздын барар жерибиз ошол жак эртели кеч биз да кетебиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: