Жылнаама, 28-август: Мындан 77 жыл мурун "Toyota" унаа чыгаруучу компаниясы негизделген
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы май-июнь айларындагы Жети-Өгүздөгү митингдин лидерлери болгон Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун "Кумтөр" ишканасынын өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылганы тартылган видеотасма жарыяланып, аларга карата кылмыш иши козголгон.
* Мындан 77 жыл мурун, 1937-жылы "Toyota" өз алдынча унаа чыгаруучу компаниясы япон улутундагы Киитиро Тоёда тарабынан негизделген. Аталышын атасы Тоёданын ысымынан коюуну туура көргөн. Киитиро Тоёда эмгегин 1934-жылы "А" тибиндеги моторду чыгаруудан баштаган.
* Мындан 50 жыл мурун, 1964-жылы америкалык актёр, музыкант Жек Блэк Калифорнияда төрөлгөн. "Tenacious D" рок-тобунун мүчөсү Жек Блэк актёр катары "Марс атакует!", "Враг государства", "Любовь зла", "Кинг-Конг", "Отпуск по обмену", "Путешествия Гулливера" тасмаларында роль жаратып, "Ледниковый период" мультфильминде Зик аттуу жолборстун, "Подводная братва" мультфильминде Ленни аттуу акуланын, ал эми "Кунг-фу панда" мультфильминин үч бөлүгүндө тең Мастер Понун образын жараткан.* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы Дагестандын Чиркей айылында өлкөдөгү мусулмандардын лидерлеринин бири шейх Саид афандинин үйүнө барган террорчу аял өзүн кошо жардырып жиберген. Аны менен кошо дагы 7 киши каза таап, 1 киши жаракат алган.
28-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















