Эльдияр Убалиев: “Биометрикалык маалыматтарды чогултууда коопсуздук сакталат”

Бүгүн, 27-августта Өкмөт үйүндө биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча жабдыктардын бет ачар иш-чарасында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын орун басары Эльдияр Убалиев: “Биометрикалык маалыматтарды чогултуунун бардык этаптарындагы коопсуздук талаптарга жооп берет”,- деди.
Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматында калктын маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ведомстволук регламенттер кабыл алынган. “Учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын 243 кызматкери иштейт. Бирок жалпы республика боюнча активдүү иш алып баруу үчүн 2000 жумушчу керек”,- деди Убалиев.
Ошондой эле кызматкерлер үчүн №3-форма боюнча жашыруундуулукка кирүү мүмкүнчүлүгү ачык жана алар УКМК тарабынан текшерүүдөн өтүшкөнүн кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

