super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Европа өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен кызматташтыкты бекемдөөнү талкууланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 27-августта Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Түркия, Румыния, Азербайжан жана Кыргыз Республикасы боюнча директору Эврен Дилеклини кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурда иштелип жаткан Кыргызстан боюнча банктын 2015-2018-жылдарга карата өлкөлүк стратегиялык концепциясын кеңири талкуулашты. Кызматташуунун келечектүү багыттары катары аймакты, инфраструктураны (энергетикалык тармакты реабилитациялоо жана модернизациялоону кошо) өнүктүрүү, кичи жана орто бизнести колдоо, мамлекеттик коммуналдык кызматтын туруктуулугун сактоого көмөктөшүү аныкталды. Саналып өткөн кызматташуу тармактары 2014-2017-жылга карата аныкталган улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын багыттарына дал келет.

Жоомарт Оторбаев чет элдик инвесторлорго Кыргызстандын Бажы биримдигине киргенден соң аткарчу иштери тууралуу маалымат берүүнүн жана сатуу рыногунун көлөмүнүн кеңейтилишине байланыштуу кичи жана орто бизнестин атаандаштык мүмкүндүгүн күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле кошумча инвестицияларды тартуу жана экспорттоо рыногун өнүктүрүү максатында евразиялык интеграциялык бирикмеге катышуунун маанилүүлүгү айтылды.

Премьер-министр мындан тышкары электр энергиясын өндүрүп чыгуу жана керектөө болжолун эске алуу менен энергетикалык тармакты өнүктүрүүнүн орто жана узак мөөнөттүү программасын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү маселесин да көтөрдү.

Жыйынтыгында тараптар мамлекеттик-жеке шериктештик, мамлекеттик компанияларда корпоративдик башкарууну киргизүү, мамлекеттик мүлктү башкарууну реформалоо, ишкерлер укугун коргоого тийиштүү жана башка долбоорлорду кеңири талкуулашты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: