Ысык-Көлдө бильярд боюнча 18 жаштан жогорку курактагылар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун ачылышы болду (фоторепортаж)



Мелдешке 23 мамлекеттен келген кий чеберлери катышууда.

Мелдешке 23 мамлекеттен келген кий чеберлери катышууда.

Ачылыш аземине бийлик өкүлдөрү да барып катышып, сөз сүйлөштү.

Ачылыш аземине бийлик өкүлдөрү да барып катышып, сөз сүйлөштү.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев спортчуларга ийгилик каалады.

Мелдешке дүйнөнүн ар бурчунан спортчулар келип катышууда.

2012-жылы Кыргызстанда өткөн бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунда орусиялык спортчу чемпион болгон эле. Орусиялыктардын бул жолку даярдыгын мелдештин жүрүшүндө көрөбүз.

Мелдешке дүйнөнүн ар бурчунан спортчулар келип катышууда.

Салтанаттуу ачылыш аземине келген бийлик өкүлдөрү...

Ачылыш аземи ыр-бий менен коштолду.

Ачылыш аземи ыр-бий менен коштолду.

Күйөрмандар...

Салтанаттуу ачылыш аземинин жүрүшүнөн...

Салтанаттуу ачылыш аземинин жүрүшүнөн...

Оюндар ушул күнү башталды.

Упай дал ушул сүрөттөгүдөй тартипте эсептелинет.

Кыргызстандыктардын үмүтү бильярд боюнча Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаевде...
Кечээ, 27-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар арасында өтө турган мелдештин ачылыш аземи биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев, ЖКнын депутаты, КРнын Бильярд федерациясынын президенти Турсунбай Бакир уулу, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов жана өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевдин катышуусунда өттү.
Кошумчалай кетсек, Дүйнө биринчилигине Азербайжан, Ооганстан, Беларусь, Болгария, Германия, Иран, Казакстан, Кытай, Түштүк Корея, Латвия, Молдовия, Монголия, Пакистан, Орусия, Сирия, Словакия, Тажикстан, Украина, Өзбекстан, Финляндия, Чехия, Эстония жана Кыргызстандын кий чеберлери катышууда. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.