Cузакта өзбек жаранына кыргыз паспортун жасап берген паспорт-визалык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Өзбек жаранына кыргыз паспортун жасап берген Cузак районунун паспорт-визалык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 28-августта билдирди.
Маалыматтарга караганда, аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери А.Д. аттуу Өзбекстан мамлекетинин жаранына Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун мурда алган паспортту жоготуп жиберген деген шылтоо менен даярдап беришкен. Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Буга катар эле мекеменин жооптуу кызматкерлерине карата “кызматтык жасалмачылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен жана провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.