super.kg logo

Ысык-Көлдөгү Рапопорт аллеясында унаа токтотуучу жай үчүн куурабаган бак-дарактар дагы кыйылып жатат (фото)

 

Активист Атай Садыбакасов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Рапопорт аллеясында жергиликтүү бийлик унаа токтотуучу жайды куруш үчүн бак-дарактарды кыйып жатканын бүгүн, 28-августта интернет аркылуу жарыялады.

Анын айтымында, унаа токтотуучу жай Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюнуна даярдалууда. Буга облустагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жооп кайтарды. Мекеменин билдиришинче, куурап калган бак-дарактар гана кыйылууда. “Чолпон-Атада эч кандай унаа токтотуучу жайдын курулушу пландалган эмес. Учурда Рапопорт аллеясы начар абалда. Бардык бак-дарактардын 40-50 пайызы куурап калган. Алар 1930-жылы отургузулган. Аларды кыюу иш-чаралары Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин көзөмөлүндө. Жалпысынан кургап калган 178 терек кыйылышы керек. Алардын ар бирине белгилер коюлган. Бир теректи кыйыш үчүн 5,6 миң сом кетет. Аларды кыюу иш-чараларын буга чейин жыл сайын өткөрүш керек болчу, бирок акча каражаттын жетишпегендигинен муну аткарууга мүмкүн эмес болгон”,- деп түшүндүрдү мекемеден.

Бирок сүрөттү карап, кыйылып жаткан бактардын баары куураган деп айтууга болбойт. Куурабагандары да кыйылып жатканы көрүнүп турат. Куураган бактар гана кыйылып жаткан болсо, коомчулуктун аны талкууга алары күмөн эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
28.08.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир теректи кыйыш учун кантип эле 5,6 мин кетсин !!! Наоборот бир теректи 5,6 минден сатып акча кылып мамлекеттен да алып бир ОК мн эки койон атып жатса керек ! Куурап болбой калса отунга деле сатса болотта ! Бекер берилет кыйып кеткиле дегилечи эки кундо кыйып кетишет !!!
28.08.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курап калган деп эле кыя бергиле
28.08.2014. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаардын коркку кетти дарактар кыйылса ээ бийлик бийлик
29.08.2014. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик айттыго кышка даярдангыла деп мына даярдыктын 1 белгиси. Мындан башка дагы кандай даярдык суук тушкучо кургап отун болуп калат. Эх бийлик эмне кылып жатат. 1 терекке 5.6мин кетирсе, кураган деп эч кимге кереги жок деп эми саткыла.
29.08.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1теректи кыйсан,100 терек эк деп айтчуу эле ...чон энем ех...
jurogum. түзөттү 29.08.2014 10:36
31.08.2014. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой Эмил Саламатович, бу сизди кайсы кара теке сүздү,Атайдын энеси ажо кезинде Чокталдагы атаңыздын төрүнө,Розанын сүрөтүн бакыйтып илип, эми ооматы кетсе уулун акмак дегениңиз, кудайга жакпаган калмакчылыгыңыз курусун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: