super.kg logo

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү жолду оңдоо жана тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлүүдө

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Бөкөнбаев көчөсүнүн Манас проспектинен Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жолго асфальттын эки катмары төшөлдү. Ошондой эле сугаруу тармактарын куруу, тротуарларды оңдоо жана тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 28-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Үмөталиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндөгү жолго 6 см калыңдыктагы асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Ошондой эле сугаруу тармактарын куруу, тротуарларды оңдоо жана тышкы жарыктандырууну орнотуу, люктарды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. 

Ала-Арча суусунун чыгыш тарабында көпүрөнүн пайдубалы курулуп, батыш тарабында өтмөк көпүрө алынып салынды. Учурда Л.Толстой көчөсүнүн эки жеринде темир жол өтмөгүн даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Андан тышкары көчөнү башынан аягына чейин оңдоо иштери даярдалууда. Жолдорду оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягында аяктоо белгиленген.

Л.Толстой жана Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү жолду оңдоп-түзөө иштери Кытай Элдик Республикасынын грантынын эсебинен жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.08.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бөкөнбаев көчөсүнүн Манас проспектинен Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгү максимум 1,5 километр.. ошону 6 ай жазап отурушат..... башка жерлерде бат эле жазап коюшат.... башчылар шалаакы болсо жумушчулар дагы шалааку болушат
29.08.2014. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
byiyl ondogon joldordu emki jyly karasan oxo bolup kalat ondoduk degen aty ele da bugada kancha miliooon akcha ketti deit boldu eken
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: