Криштиану Роналду “Европанын мыкты футболчусу” наамын жеңип алды



Португалиянын жана мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду УЕФАнын тандоосу боюнча акыркы сезондогу “Европанын мыкты футболчусу” болуп табылды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, бул наамга талапкер катары мюнхендик “Бавариянын” дарбазачысы Мануэль Нойер менен Арьен Роббен көрсөтүлгөн. Жеңүүчү 54 журналисттин берген добуштарынын негизинде аныкталды.
Кошумчалай кетсек, өткөн сезондо Криштиану Роналду “Реалдын” курамында УЕФАнын Чемпиондор Лигасын, Суперкубогун жана Испаниянын Кубогун утуп алды. Сезондо ал жалпысынан 51 гол киргизе алган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

барса ищмас)