super.kg logo
  Саясат  

Экс-мэр Иса Өмүркуловдун сот иши уланууда

 

Бүгүн, 29-августта экс-мэр Иса Өмүркуловдун сот иши уланууда. Өмүркулов акыркы сөзүн сүйлөп, “Жеңиш” сейил багынын чек арасын аныктоодо эч кандай мыйзам бузулбаганын айтты. Соттук коллегия чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөгө кирип кетишти.  

Айта кетсек, кечээ, 28-августта да сот иши болгон. Анда мамлекеттик айыптоочу Өмүркуловду 8 жыл, Дүйшөнбиевди 6 жыл жана калган кызматкерлерди 5 жылга эркинен ажыратууну сураган. Ал эми Бишкек шаардык соту чечим чыгарууну 29-августка калтырган эле.

Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту И.Өмүркулов, А.Абдыкаров, М.Кадырмамбетов, М.Тезекбаев, Б.Дүйшөнбиевди бардык беренелер боюнча актаган болчу. Бирок мамлекеттик айыптоочулар Октябрь райондук сотунун чыгарган актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдошкон.

Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын бир катар кызматкерлери "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп айыпталышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: