super.kg logo

2005-жылы Кыргызстан боюнча 400 миң унаа катталган болсо, бүгүнкү күнү 1 миллиондон ашуун унаа каттоодон өткөн

 

Бүгүн, 29-августта кеңейтилген жыйында КРнын МАИсинин башчысы Талантбек Исаев “2005-жылы Кыргызстан боюнча 400 миң унаа катталган болсо, бүгүнкү күнү 1 миллион 40 миң унаа каттоодон өткөн” деп билдирди.

Анын айтымында, 2000-жылы 25 миң, ал эми 2013-жылы 150 миң айдоочуга күбөлүк берилген. “Акыркы жылдардын ичинде Кыргызстанда унаалардын санынын кескин түрдө өсүшү байкалууда. Бул унаа сатуу боюнча бизнестин өнүгүшүн билдирет. Бул жакшы көрүнүш. Ошол эле учурда унаалардын санынын өсүшү менен жол кырсыктарынын саны да өсүп келет”,- деди Исаев.

“2014-жылдын 7 айдын ичинде 3850 жол кырсыгы катталса, 2013-жылы аталган мөөнөттө 3654 жол кырсыгы катталган. Ал эми 2000-жылы 3 миңге чукул жол кырсыгы орун алса, 2013-жылы 7412 жол кырсыгы катталган”,- деп түшүндүрдү МАИнин башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.08.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай буйруса ТЖ союзга отсок ушул корсоткуч коз ирмемде томондойтко чиркин... Казак озбек тажик коншулардай эски машинелерди айдап калабыз аз калды чыдагыла туугандар... Болбосо орус браттардын ладасын он онэки мин долларга сатып ала турган болобуз эгер жаны айдайгыбыз келсе..
29.08.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жолдорду кенейткиле анан пробка болбойт. айдаганды билбеген адамга праваны саткан озунорсунор, озунордон куноону издегиле эмнеге авария коп болуп жатат ???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: