Ош. Өзбекстан Кара-Суу элине ичүүчү суу берүүнү эскертүүсүз токтотту
Өзбекстан тарап Ош облусунун
Кара-Суу районунун элине ичүүчү суу берүүнү токтотту. Бул тууралуу бүгүн,
29-августта жергиликтүү тургундар билдиришти.
Автор: Айсана Паизова
Маалым болгондой, Өзбекстандын
аймагында жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычынан Савай каналына ичүүчү суу
келип турган.
20-августтан тарта Өзбекстан тарап эскертүүсүз сууну токтотуп
койгон. Бул маселе боюнча жергиликтүү бийлик Өзбекстандын Айыл чарба министрлигине
кат жолдогон. Учурда өкмөт тарабынан сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын Кара-Суу
районунун акиминин орун басары Мурадил Тешебаев билдирди. Алынган маалыматка ылайык,
Кара-Суу районунун 50 миң тургуну суусуз калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
-1

Жеке айтышууларга жол берилбейт.
Жаман кутурдуго бул ХХХ!!!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.