super.kg logo

Ош. "Көңүл бургула, балдар!" аталышында рейд жүрүүдө

 

Ош шаарында "Көңүл бургула, балдар!" аттуу рейд жүрүүдө. Ал 20-августта башталган, 20-сентябрга чейин созулмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Ош шаардык жол-кайгуул кызматынан маалымдашты.

Анда маалым болгондой, иш-чара жаңы окуу жылына карата окуучулар арасында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өтүүдө. Учурда  57 мектептин алдына Ош шаардык жол-кайгуул кызматынан бирден кызматкер көзөмөлдөөгө бекитилип, жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иштерди алып барышууда.

Мындан сырткары азыр шаардын кең көчөлөрүнө "Көңүл бургула, балдар!" аттуу жарнактар илинген.

Эскерте кетсек, жыл башынан бери түштүк аймагында 275 жол кырсыгы катталса, анын 62си өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: