Бишкек шаардык соту экс-мэр Иса Өмүркуловдун иши боюнча чыгарган Октябрь райондук сотунун чечимин өзгөрүүсүз калтырды

Бишкек шаардык соту экс-мэр Иса Өмүркуловдун иши боюнча чыгарган Октябрь райондук сотунун чечимин өзгөрүүсүз калтырды.
Айта кетсек, кечээ, 28-августта да сот иши болгон. Анда мамлекеттик айыптоочу Өмүркуловду 8 жыл, Дүйшөнбиевди 6 жыл жана калган кызматкерлерди 5 жылга эркинен ажыратууну сураган. Ал эми Бишкек шаардык соту чечим чыгарууну 29-августка калтырган эле.
Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту И.Өмүркулов, А.Абдыкаров, М.Кадырмамбетов, М.Тезекбаев, Б.Дүйшөнбиевди бардык беренелер боюнча актаган болчу. Бирок мамлекеттик айыптоочулар Октябрь райондук сотунун чыгарган актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдошкон.
Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын бир катар кызматкерлери "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп айыпталышкан.
Бишкек шаардык соту И.Өмүркуловду актады

