super.kg logo

Жол кайгуул-кызматы: "Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн маршруттук таксилерде туруучу орундар болбош керек"

 

Бүгүн, 29-августта Жол кайгуул-кызматынын башчысы Талантбек Исаев “жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн маршруттук таксилерде туруучу орундар болбош керек” деп мисалдарды келтирди.

Анын айтымында, Унаа-транспорт жөнүндөгү кодекстеги туруучу орундар боюнча беренеге толуктоо, өзгөртүү жана түшүндүрүүлөрдү киргизиш керек. “Мыйзам жагынан биз утулуп калдык. Анткени Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери маршруттук таксилерде кармагычтарды орнотууга уруксат бергенбиз. Маршруткаларда туруучу орундарга техникалык жактан уруксат жок”,- деп билдирди.

Андан соң ал ИИМ академиясынын курсанттарынын курман болгонуна себеп болгон жол кырсыкты мисал келтирди. “Бул жол кырсыкка кабылган кичи автобустун ичинде 40 курсант болгон. Алардын 8и каза таап, 22си жаракат алган. Буга экинчи унаанын айдоочусу күнөөлүү. Бирок кичи автобуста жүргүнчүлөр абдан көп болгондуктан, унаа оордугунан кулап түшкөн. Эгер жүргүнчүлөрдүн саны талапка ылайык келген болсо, кичи автобус кулабайт болчу”,- деди МАИнин башчысы.

“Албетте, бүгүнкү күнү маршруттук таксилер жүргүнчүлөрдү толтуруп алышып, жүргүнчүлөр кулап жатканын байкап жүрөбүз. Ошондуктан буга чек коюш керек”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
29.08.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура маршуруттук транспортордо орундуктар кобуроок болгону жакшы эле
29.08.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура эмес кечинде маршрутта отурганга эмес турганга места жок элдин жарымы көчөдө эртерээк кетейин десең жок же толо батпайсың.Андан көрө автобустарды көбөйтсө жакшы болмок
29.08.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанакы кичине маршурттарлы жок кылып чоон эле алгыла ошондо жакшы болот
29.08.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маршрутткаларды жоготпойсунарбы. автобустарды жургуссонор мамлекетибизге пайда алып келет. биздин автобустар авто паркта бузулуп жатышат... ошолрду ондоп линияга чыгаргыла.... троллейбустарды сатып алгыла... маршруткаларды жок кылгыла !!!
29.08.2014. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исаев:спринтер макси/макси кичи автобуска 19-21 адам батат, бечара курсанттарды жуктогон айдоочу эмес, шыкап салган адам куноолуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: