super.kg logo

1-сентябрда “№4-төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайды саткан” деп айыпталып жаткандардын иши боюнча сот отуруму уланат

 

1-сентябрда Бишкек шаардык сотунда “№4-төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайды саткан” деп айыпталып жаткандардын иши боюнча сот отуруму уланат. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Жогорку Соттон билдиришти.

Эске салсак, өткөн жылдын 5-ноябрында Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдалганы маалымдалган. Кийин 10 күнгө жетпей ымыркай Асанбай кичи районунан табылган. Аталган кылмышка шектүү катары эки дарыгер айым жана ымыркайды сатып алган аял кармалган эле. Кылмышка шектүү болгон Нуржан МекеноваШарапат Мамырканова жана Бегайым Алиеванын иши боюнча сот отуруму 19-июнда болгон. Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, Бегайым Алиева менен Шарапат Мамырканова 15 жылга эркинен ажыратылышса, Нуржан Мекеновага 270 миң сом айып пул салынган. 

Мындай чечимге макул болбогон жактоочулар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдошкон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: