Быйыл Жол-кайгуул кызматы жол эрежелерин бузган жөө жүрүүчүлөргө айып пул сала баштады
Бүгүн, 29-августта Бишкекте маршруттук такси кызматтарынын жетекчилери менен жолугушуусунда МАИнин башчысы Талантбек Исаев быйыл МАИ кызматкерлери жол эрежелерин бузган жөө жүрүүчүлөргө айып пул сала башташканын айтты.
Анын айтымында, 2013-жылы жол эрежесин бузган бир да жөө жүрүүчүгө айып пул салынган эмес болчу. Ал эми 2014-жылдын башынан тарта Бишкекте 400 жөө адамга айып пул салынган.
"Жол эрежесин бузган жөө жүрүүчүлөрдүн жанында документтери жок болгондуктан, аларды жоопкерчиликке тартууда тоскоолдуктар жаралат. Бирок буга карабастан, борбордук көчөлөрдө жолдогу тартипти сактоо күчөтүлгөн. Жол-кайгуул кызматы эреже бузуулардын алдын алуучу иштерди жүргүзүүдө",- деди Исаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
Провокация жарата туршан билдирүүлөргө тыюу салынат.