“Мисс Ош-2013” сынагына тандоо туру 25-январда аяктайт
20-январда старт алган «IDOL» моделдик агенттигинин “Мисс Ош-2013” сынагына тандоо туру 25-январда аяктайт. Бул тууралуу аталган сынактын уюштуруучулары билдирет. Тандоодон өткөн 16-25 жашка чейинки 35 селкинин ичинен финалга өткөндөрү аталган агенттикте иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Ал эми жеңүүчүгө ак алтындан жасалып, баалуу таштар менен кооздолгон 1,5 миң долларлык таажы ыйгарылат жана ал апрель айында Бишкек шаарында өтүүчү “Кыргызстан периси-2013” сынагына катышууга жолдомо алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.