Бишкекте бирма боксу боюнча мелдеште кыргызстандык Дастан Шаршеев орусиялык мушкерди утуп, Евразия чемпиону болду (фоторепортаж)
Мелдешти бийчилер ачып беришти.


Мелдешти бийчилер ачып беришти.

Алып баруучулук милдетти Каарманбек Кулуев менен "тамашоучу" Азамат Исмаилов аркалашты. Алар оюндун эрежелери жана беттешке чыга турган спортчулар менен тааныштырып жатышты.

Алгач бардык мушкерлер рингге чакырылып, элге тааныштырылды.

Бул жерде мушкерлердин салмактары атаандаштары менен кошо тааныштырылып жатты.

Бул күнгө жалпысынан 5 беттеш өткөрүү пландалган. Анын экөө чемпиондук кур үчүн өтөрү айтылган.

Бирма боксу боюнча федерациянын президенти Каныбек Бекбоев мушкерлерге ийгилик каалап, мелдешти ачык деп жарыялады.

Андан соң расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Гимни аткарылды.

Андан соң расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Гимни аткарылды.

Рейтингдик беттештер 3 раундга созулуп жатты. Ар бир раунд 3 мүнөт...

Адатта, бокс боюнча мелдештерге чакырылган дарыгерлер бош отуруп жадап кеткенин байкоого болот. Бирма боксу жаракат көп катталуучу спорт түрүнө киргендиктен, дарыгерлерде эч тыным болгон жок.

Калыстар 10 упайлык систем менен иштеп жатышты. Алардын мушкерлердин раунддагы активдүүлүгүн 10 же андан төмөн баада баалоого укугу бар...

Алгачкы рейтингдик беттеш 67 килограмм салмакта Эрмек уулу Уланбек менен Албаев Нурсултандын ортосунда болду. Айыгышкан таймаштын жыйынтыгында Эрмек уулу Уланбек жеңишке жетишти.

Эрмек уулу Уланбек 67 килограмм салмакта өткөн рейтингдик беттеште жеңишке жетишти.

Кийинки рейтингдик беттеш 90 килограмм салмакта өттү. Анда Камчыбек уулу Мадияр атаандашы Бактияр Аруновду биринчи раундда техникалык нокаут менен утуп алды.

Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаковдун окуучуларынын бири эл алдына чыгып, бий өнөрүн тартуулап берди.

60 килограмм салмакта Борбордук Азиянын чемпиондук куру ойнотулду. Анда кыргызстандык мушкерлер Вавилов Александр менен Үсөнов Акылбек кез келди. Жыйынтыгында Акылбек жеңишке жетишти.

Эреже бузган спортчу орой жазаланат. Тыюу салынган нерсеге барып, эреже бузгандыгы үчүн Бекжан Матысаев жеңиштен куру калды. Беттеш дароо токтотулуп, жеңиш жабыркаган Машалу Абубакирге берилди.

Беттеш дароо токтотулуп, жеңиш жабыркаган Машалу Абубакирге берилди.

Күндүн башкы беттешинде Евразиянын чемпиондук куру ортого коюлду. Чемпиондукту кыргызстандык Дастан Шаршеев менен орусиялык Сергей Котов талашмак...

Калыс мушкерлерди эрежелерди сактоого, калыстын тапшырмаларын угууга чакырып жатат.

Беттеште Дастандын алгачкы соккусу атаандашынын көзүнө таамай багытталып, ал отуруп калды. Бул биринчи раунддагы сүрөттөлүш...

Орусиялык мушкердин көзүнөн жана мурдунан аккан кан 5 раунд бою байкалып турду.

"Мына кулайт" деген божомолдор туура чыккан жок. Сергей Котов улам жыгылганына карабай алдыны карай кайрадан ишенимдүү умтулуп жатты.

Бул спорт түрүндө баш менен сокку узатуу да мүмкүн. Дастан атаандашын сүзүп жиберип, өзүнүн башынан кан акканын баам албай мушташып жатат.

Эл күтүп жаткан нокаут катталган жок. Көп ирет тизелеп калганы менен, Сергей Котов беттешти улантууга макулдугун берип жатты.

Мелдеш белгиленген убакыттан 1 саат өтүп башталды.

Күйөрмандар "Чап!", "Теп!", "Нокаутка кулат!" деген акыл-кептерин жабыла айтып жатышты.

Жыйынтыгында калыстардын жалпы чечими менен упай эсебинде Дастан жеңишке жетишти.

Дастан колдоп келген элге, машыктырып келген машыктыруучусуна ыраазычылык билдирди.

Бүгүн, 29-августта Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бирма боксу боюнча мелдеш өттү. Анда жалпысынан 5 беттеш орун алды. Күндүн башкы беттешинде кыргыз мушкери Дастан Шаршеев орусиялык мушкер Сергей Котовду утуп, Евразия чемпиону болду.
Бирма боксу ушуну менен дагы бир ирет күйөрмандарын өтө катаал эрежелери менен таң калтырды. Анда боксто колдонулган мээлей эмес, колго жөн гана материал оролот да, ошол бойдон муш узатышат. Демек, жылаңач кол менен уруу менен бул жарактын колдонулганында чоң айырма жок. Мушкерлердин жаракат алганы да, кызуу кандуулукка алдырганы да жана кызыл канга боёлгону да катталды. Рингдеги беттештин кызыктуулугун мындан билиңиз, колдоп келген элдин кол чабуусу тынган жок. Ошондой эле бирма боксу жаракат көп катталчу спорт түрлөрүнүн катарын толуктайт эмеспи, дарыгерлер да бир орунга тура алышкан жок. Себеби мушкерлердин биринин мурду канаса, биринин бети жарылып жатты. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Чыныгы эр журоксун, буйруса сендей кыраан жигиттерибиз кобойо берсин,
СубаханАллахи ва бихамдихи...
Ты лучший!