super.kg logo

Сенегал бийлиги Эбола вирусун өлкөдө жайылтпоо аракетин кызуу көрүп жатат

 

Ушул жылдын февраль айында Гвинея өлкөсүндө пайда болуп, кийинчерээк коңшу мамлекет Сьерра-Леоне менен Либерияга тараган Эбола вирусу июлда Нигерияга жеткени маалымдалган. Андан соң Конго мамлекетине жеткени айтылган коркунучтуу вирус учурда Сенегалга жеткени маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сенегалдын Саламаттыкты сактоо министрлиги гвинеялык жарандын өз өлкөсүндө аталган вируска туш болуп, 21-августта Сенегалды көздөй багыт алганын айтып чыккан. Бул окуядан кийин Сенегалдын борбору Дакар шаарына кирүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Учурда ушул өлкөдө дарыланып жаткан гвинеялык жарандын абалы жакшы экени айтылууда. Сенегалдын бийлиги оорунун тарап кетүүсүнүн алдын алуу боюнча иш алып барып жатат.

Акыркы маалыматтар боюнча, бул вирустан жабыркап 1552 киши өмүрү менен коштошкон. Жалпысынан бул оору боюнча 3 миңден ашык кырдаал катталган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.08.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озун сакта кудайым кыргызстанга келсе эч ким жардам бербейт бизге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: