Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталып, Тоң районунда кампанын 12 чарчы метр чатыры күйүп кетти
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, 2014-жылдын 31-августунда саат 08:30дан 1-сентябрда саат 08:30га чейин республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 8, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3, Ош облусунда 2, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Тоң районунун Бөкөнбаев айылында кампанын 12 чарчы метр чатыры, үй оокаттары, 3 муздаткыч, 1 боз үй күйгөн. Өрт кырсыгынын келип чыгышына электр шаймандарын колдонууда эрежелердин бузулушу себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.