АКШ. Сенатор президент Обаманын Орусия боюнча саясатын "аюуга жолуккан мышыктын аракети" деп атады
Украинадагы акыркы окуялардын фонунда президент Барак Обаманын Орусия боюнча саясаты - "орус аюусуна жолугуп калган мышыктын аракети". АКШнын тышкы саясатына сенатор Тед Круз ушундай баа бергенин ММКлар 1-сентябрда жарыялашты. Круздун айтымында, америкалык чиновниктер Украинадагы окуяларга байланыштуу өтө пассивдүү позицияны карманышууда. Мунун айынан Орусия коңшу өлкөнүн аймагына ээн-эркин кирип, ал эми АКШ менен бүтүндөй Европа "Эмки жолу эмне болуп кетет?" деп коркуп турушат.
Тед Круз АКШда 2016-жылы өтүүчү президенттик шайлоого негизги талапкерлердин бири экени айтылып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















