super.kg logo

Тайырбек Сарпашев өзү окуган мектебинде ачык сабак өткөрүп, окуучуларды өлкөнүн экономикалык абалы менен тааныштырды (фоторепортаж)

 
Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев өзү окуган №5-улуттук компьютердик гимназиянын окуучуларына ачык сабак өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ал окуучуларга учурдагы Кыргызстандын саясий, экономикалык, энергетика, тоо-кен өндүрүү жана маданият тармактарындагы абалы тууралуу айтып берди. Т.Сарпашев өлкөнүн перспективдүү тармактарына өзгөчө көңүл бурду.
Тайырбек Сарпашев: "Тоо-кен өндүрүү жана айыл чарба - келечекте чоң пайда алып келүүчү тармактар".
“Өлкөнү өнүктүрүш үчүн силер, жаштар, билимдүү, акылдуу, жоопкерчиликтүү болушуңар керек. Канчалык билимдүү болсоңор, ошончолук мамлекетибиз өнүгөт. Сабактан тышкары башка билим алууга жана ийримдерге катышууга аракет кылгыла”,- деди биринчи вице-премьер-министр.
№5-улуттук компьютердик гимназиянын окуучулары
Иш-чаранын соңунда Т.Сарпашев мектептин жетекчилигин сыйлады.
Иш-чаранын соңунда Т.Сарпашев мектептин жетекчилигин сыйлады.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулардын бири Т.Сарпашевге "Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?" деген суроо берди. Биринчи вице-премьер-министр "Эч кандай сыр жок. Ар дайым иштеп, окуп, адамдар менен жакшы мамиле түзүүдө" деп жооп берди.
Андан соң чиновник окуу жайдын жетекчилигин сүрөт жана китеп менен сыйлады. Мектептин директору өз кезегинде ага гүл жана баалуу белек берди.
Тайырбек Сарпашев ачык сабактын катышуучулары менен эстеликке сүрөткө түштү.
№5-улуттук компьютердик гимназиянын окуучулары
№5-улуттук компьютердик гимназиянын окуучулары

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев өзү окуган №5-улуттук компьютердик гимназиянын окуучуларына ачык сабак өттү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө ал окуучуларга учурдагы Кыргызстандын саясий, экономикалык, энергетика, тоо-кен өндүрүү жана маданият тармактарындагы абалы тууралуу айтып берди. Т.Сарпашев өлкөнүн перспективдүү тармактарына өзгөчө көңүл бурду.

Анын айтымында, тоо-кен өндүрүү жана айыл чарба - келечекте чоң пайда алып келүүчү тармактар. “Бул максатка жетиш үчүн силер, жаштар, билимдүү, акылдуу, жоопкерчиликтүү болушуңар керек. Канчалык билимдүү болсоңор, ошончолук мамлекетибиз өнүгөт. Сабактан тышкары башка билим жана ыкмаларга ээ болууга аракет кылгыла”,- деди биринчи вице-премьер-министр.

Иш-чаранын соңунда ал “Бийликтин булагы эмне?” деген суроо берди. Окуучулар “министр", "депутат", "президент” деген варианттарын айтышса, бирөө гана “эл” деп жооп берип, Т.Сарпашевдин колунан сыйлык алды. Андан соң чиновник окуу жайдын жетекчилигин сүрөт жана китеп менен сыйлады. Мектептин директору өз кезегинде ага гүл жана баалуу белек берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.09.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштар го билимдүү, акылдуу, жоопкерчиликтүү болуп атабыз...бирок ишке кирейин десен билимдүү, акылдуу, жоопкерчиликтүү экенине карабайт экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: